Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтууга болбой турган, ыгы келбеген нерсени уялбай, ийменбей айтып салуу, каратып туруп калп айга берүү. Оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). ...Окуучулардын ордунабашкажандыктарды окутуп каларына күнөм жок экендигин оозу-мурду кыйшайбай жазса соо киши кулөт да! (Жусубалиев). Ошондо оозу-мурду кыйшайбай туруп эле «ат табылганча аяк улоо» деди (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтууга болбой турган, ыгы келбеген нерсени уялбай, ийменбей айтып салуу, каратып туруп калп айта берүү. Оозу-мурдуң кыйшайбай туруп кантип айттың ушуну (Байтемиров). ...Окуучулардын ордуна башка жандыктарды окутуп каларына күнөм жок экендигин оозу-мурду кыйшайбай жазса соо киши күлөт да! (Жусубалиев). Ошондо оозу-мурду кыйшайбай туруп эле «ат табылганча аяк улоо» деди (Саатов). В.: Оозу-мурду кыйышпай. Айтор оозу-мурду кыйышпай туруп, жакында ишке киришебиз десе болобу («Чалкан»).